Кыргызстанда авариялык абалдагы 245 мектеп бар

Кыргызстанда авариялык абалдагы 245 мектеп бар.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.

Дагы 498 мектеп капиталдык оңдоого муктаж.

Ошол эле маалда жалпы республика боюнча мектептердин саны 37ге көбөйүп, 2 миң 296дан 2 миң 333гө жетти.

Быйыл биринчи жолу социалдык объектилердин титулдук тизмесине 205 билим берүү объектисинин курулушу кирди, анын 160ы мектеп, 35и бала бакча, ону спорт зал.

Бул өткөн жылга салыштырмалуу 128 объектиге көп, — деп айтылат маалыматта.