Райым Матраимов кармалды

Райым Матраимов кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары болгон Матраимов бажы тармагындагы коррупцияга шектелүүдө.

 

Ал башка кызматкерлер менен атайын схема түзүп, мамлекетке ири суммадагы зыян алып келген. Учурда ал УКМКга жеткирилди.