Бюджеттик уюмдар үчүн борборлоштурулган эсепке алуу системасы иштелип чыкты

Каржы министрлиги бюджеттик уюмдар үчүн борборлоштурулган эсепке алуу системасын иштеп чыкты.

Система түзүмдөрдүн финансылык абалы жөнүндө так маалымат алууга, алардын каражаттарынын эсебин жүргүзүүгө жана чыгашаларды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

Белгиленгендей, бул бардык мамлекеттик органдардын бухгалтердик эсебинин ачык болушу үчүн зарыл.

Жаңы система тесттик режимде бир нече ведомстволордо, анын ичинде Айыл чарба, Саламаттык сактоо, Билим берүү министрлигинде, Бишкек шаарынын мэриясында, Бажы жана салык кызматтарында ишке кирди.

Жаңычылдык 1-апрелден тарта өлкөнүн бардык бюджеттик уюмдарында пайда болот.