Декабрдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик карыз ар бир кыргызстандыкка 746 доллардан туура келет.
Бересе бир айда 6 долларга көбөйдү. Каржы министрлигинен билдиришкендей, декабрдын аягында
өлкө карызы 4 миллиард 928 миллион долларга жетти. Сумманын басымдуу бөлүгү тышкы карыз.
Анын 42 пайызы кытайдын Эксим банкына туура келет.