Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатында 4 коло медалга ээ болду

Бокс боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасы Азия чемпионатында 4 коло медалга ээ болду.

Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришкендей, мелдеште Азат Үсеналиев, Акылбек Эсенбек уулу,

Эркин Адылбек уулу жана Рустам Ырысбек уулу байгелүү орундарга ээ болушту.

Азия биринчилиги Дубайда өтүп жатат. Ал эртең, 1-июнда жыйынтыкталат.