Евро-2020 оюндарын кыргызстандыктар кайсы убакта көрө алат

Чемпионат өткөн жылы өтүшү керек болчу. Пандемияга байланыштуу быйылкы жылга калтырылган. Уюштуруучулар маркетингдик жагдайлардан улам EURO-2020 деген жазылышты өзгөрткөн эмес.

Европадагы тайпаларга бөлүнгөн 24 курама команда толук бир ай ичинде өз ара таймашат. 11-июлда чемпион аныкталат.

Sputnik Кыргызстан редакциясы Европа континентиндеги башкы футболдук мелдештин расписаниесин даярдады. Беттештин убактылары Бишкектин сааты менен көрсөтүлгөн.

Тайпалык этаптын 1-туру

12-июнь (ишемби)

  • 01:00 Түркия — Италия
  • 19:00 Уэльс — Швейцария
  • 22:00 Дания — Финляндия

13-июнь (жекшемби)

  • 01:00 Бельгия — Россия
  • 19:00 Англия — Хорватия
  • 22:00 Австрия — Түндүк Македония

14-июнь (дүйшөмбү)

  • 01:00 Нидерланддар — Украина;
  • 19:00 Шотландия — Чехия
  • 22:00 Польша — Словакия

15-июнь (шейшемби)

  • 01:00 Испания — Швеция
  • 22:00 Венгрия — Португалия

16-июнь (шаршемби)

  • 01:00 Франция — Германия

Тайпалык этаптын 2-туру

16-июнь (шаршемби)

  • 19:00 Финляндия — Россия
  • 22:00 Түркия — Уэльс

17-июнь (бейшемби)

  • 01:00 Италия — Швейцария
  • 19:00 Украина — Түндүк Македония
  • 22:00 Дания — Бельгия

18-июнь (жума)

  • 01:00 Нидерланддар — Австрия
  • 19:00 Швеция — Словакия
  • 22:00 Хорватия — Чехия

19-июнь (ишемби)

  • 01:00 Англия — Шотландия
  • 19:00 Венгрия — Франция
  • 22:00 Португалия — Германия

20-июнь (жекшемби)

  • 01:00 Испания — Польша

Тайпалык этаптын 3-туру

20-июнь (жекшемби)

  • 22:00 Италия — Уэльс
  • 22:00 Швейцария — Түркия

21-июнь (дүйшөмбү)

  • 22:00 Украина — Австрия
  • 22:00 Түндүк Македония — Нидерланды

22-июнь (шейшемби)

  • 01:00 Финляндия — Бельгия
  • 01:00 Россия — Дания

23-июнь (шаршемби)

  • 01:00 Чехия — Англия
  • 01:00 Хорватия — Шотландия
  • 22:00 Швеция — Польша
  • 22:00 Словакия — Испания

24-июнь (бейшемби)

  • 01:00 Германия — Венгрия
  • 01:00 Португалия — Франция

Плейофф баскычындагы оюндар кийинки күндөрү эле өтөт:

  • 8/1 финалдар — 27синен 30-июнга чейин;
  • Чейрек финалдар — 2синен 4-июлга чейин;
  • Жарым финалдар — 7-8-июль күндөрү;
  • Финал — 12-июлда саат 01:00дө болот.

Расписание Бишкек убактысы менен көрсөтүлгөнүн дагы бир ирет эскертебиз.