Ысык-Көлдө кум үстүндөгү футбол боюнча өлкө кубогу өтөт.
Кыргыз футбол союзунан билдиришкендей, 27-28-августта тайпа ичиндеги оюндар болот.
29-августта жарым финалдын оюндары уюштурулат. Ал эми финал 30-августка белгиленди.
Мелдеш Жети-Өгүз районундагы Тосор айылында өтөт. Белгилеп кетсек, быйыл кум үстүндөгү
футбол боюнча Кыргызстандын кубогу үчүн турнир алгачкы ирет өткөрүлүп жатат.