Боомду каптаган өрт толук өчүрүлдү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боом капчыгайында чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта, Боом капчыгайындагы Көк-Мойнок-2 айылында саат 12:34 чамасында ар кайсы тилкеден өрт чыккан.
Тилсиз жоо Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун жана Бишкек — Балыкчы темир жолунун айланасында катталган.
Маалыматка ылайык, кырсыктан эки сарай жана бир үйдүн дубалы, 50 гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн.
Жерине үч өрт өчүрүүчү унаа, ар кайсы кызматтардан 140 адам тартылып, кечээ кечки саат 21:34тө жалын толук өчүрүлгөн.
Өрт чыккан аймакта учурда Балыкчы шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүгү жана Токой чарба кызматы тарабынан нөөмөт уюштурулуп, адистер байкоо салып турушат.