Өсүмдүк зыянкечтери менен күрөшүүгө 282,5 тонна пестицид алып келинди

Айыл чарба министрлигинен маалымдалгандай, үстүбүздөгү жылдын 24-мартына карата өлкөгө 282,5 тонна пестицид ташылып келди. Бул өсүмдүк зыянкечтер, оору, отоо чөптөр үчүн республика боюнча керектелчү пестициддердин 46 пайызын түзөт.
Айыл чарба өсүмдүктөрүнүн зыянкечтерине, ооруларына жана отоо чөптөрүнө каршы күрөш уланып жатканы айтылды.
Анын ичинен:

үрөн ууландыргычтар — 29,9 тонна (камсыздоо – 55 %);

гербициддер — 126,5 тонна (камсыздоо – 40 %);

инсектициддер — 87,4 тонна (камсыздоо – 46 %);

фунгициддер — 38,7 тонна (камсыздоо – 69 %).