БШК 5 облустагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады

БШК 5 облустагы жергиликтүү кеңеш депутаттарын шайлоого добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады. Шайлоого катышууга укуктуу жарандардын аты-жөнү “Тизме” мамлекеттик порталында жеткиликтүү.

 

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматынын негизинде түзүлгөн тизмеге 72 миңден ашык адам кирди. Эске салсак, Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй облустарынын айрым айыл кеңеш депутаттарын шайлоо 9-апрелде өтөт.

 

Добуш берүү жергиликтүү эл өкүлдөрүнүн ыйгарым укуктары аяктагандыктан белгиленди.