Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлердин акыркы тизмеси эртең жарыяланат. Бул тууралуу Боршайком эскертет. Ал эми саясий партиялардын үгүт кампаниясы 4-сентябрда башталат.
БШКдан белгилешкендей, үгүт иштери 2-октябрда токтотулат. 3-октябрда “тынчтык күнү” болот. Эске салсак, парламенттик шайлоолор 4-октябрда өтөт.