Президенттикке талапкерлерге шайлоо күрөөсү бир нече учурда кайтарылат

Президенттикке талапкерлерге шайлоо күрөөсү бир нече учурда кайтарылат. novosti.kgге БШК мүчөсү Гүлнара Журабаева билдиргендей, алсак, эгер талапкер  добуштардын 1 пайыздан кем эмес үлүшүн чогулта алса.

 

Андан тышкары, бюллетендер басып чыгарыла электе талапкер өзү жарыштан чыкса, же аны комиссия кандайдыр бир себептер менен чыгарса, анда күрөө акысы кайтарылат. Белгилеп кетсек, бюллетендердин тексти 21-декабрга чейин бекитилет.