Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу үчүн 20 миң сомдук айып киргизүү сунушталды

Мектептерде ата-энелерден акча чогултуу үчүн 20 миң сомдук айып киргизүү сунушталды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин адиси Бектур Ибрагимов билдирди.

 

Анын айтымында, акча талап кылуу мугалимдерге гана эмес, коомдук фонддорго жана ата-энелер комитеттерине дагы тыюу салынат. Окуучулардын укуктарын жана эркиндигин коргоого багытталган документ коомдук талкууга чыгарылды.