Шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы 24-январга чейин жарыяланат

Мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоо жана референдумдун расмий жыйынтыгы

24-январга чейин жарыяланат. “Кабарга” БШКдан билдиришкендей, негизинен жыйынтыктар

добуш берүүдөн 20 күн өткөндөн кийин белгилүү болот. Бирок, бул жолу шайлоо мөөнөтүнөн

мурда өткөн үчүн мөөнөт 14 күнгө кыскарат. Андан тышкары, кол санак 14-январга чейин аяктап калат.