Мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү деп табылды

Мамлекеттик башкаруу формасын аныктоо боюнча референдум өттү деп табылды. Бул БШКнын добуштарды автоматтык түрдө эсептөө урналарынан алынган алдын ала берген маалыматы. Шайлоочулардын саны 30 пайыздык босого көрсөткүчүнөн ашты.

 

Алардын басымдуу бөлүгү, же 80 пайызы президенттик башкаруу формасын тандады. Эске салсак, референдумда жарандарга президенттик же парламенттик башкарууну тандоо сунушталды. Андан тышкары, “баарына каршы” варианты дагы бар болчу.

 

Референдумдун акыркы жыйынтыгын Боршайком  14-февралдан кеч эмес жарыялайт.