Бишкекте эски аянттын аталышы өзгөртүлдү

Бишкекте эски аянттын аталышы өзгөртүлдү.

Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин токтомунда айтылат.

Шаардык депутаттар өкмөт үйүнүн маңдайындагы аянтка Турдакун Усубалиевдин ысымы ыйгарышты.

Шаардык кызматтарга каттоо маалыматтарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырмасы берилди.

Документ ушул жылдын октябрынан тартып күчүнө кирет.