БШК Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды

БШК Бишкектеги Свердлов бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.

Ага ылайык, Шайлообек Атазов жеңүүчү деп табылды. Эске салсак, аталган округдагы кайра шайлоодо жеңишке жеткен талапкердин добуш сатып алгандыгы аныкталып, анын жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Күтүлгөндөй, мандат добуштардын саны боюнча кийинки орунда келген талапкерге берилет.