Садыр Жапаров өкмөт үйүндө отуруп иштейт

Кыргызстанда шайланган президент Садыр Жапаровдун иш бөлмөсү өкмөт үйүндө даярдалды.

 

Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев билдиргендей, бүгүн, 28-январда инаугурациядан кийин президенттин милдетин аткарып жаткан спикер Талант Мамытов Жапаровду иш бөлмөсү менен тааныштырат:

 

«Филармониядагы салтанат бүткөндөн кийин шайланган президент өкмөт үйүндөгү өзүнүн иш бөлмөсү менен таанышат. Ал да түз эфирде көрсөтүлөт «.

Президенттик аппараттын өкүлдөрү да шайланган президенттин иш бөлмөсү өкмөт үйүндө боло турганын ырасташты. Мурдагы президенттер учурда Жогорку Кеңеш жайгашкан имаратта иштеп келген.

 

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтө турган инаугурацияга катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү, ата мекендик жана чет элдик маалымат каражаттарынын жетекчилери болуп жалпысынан миңден ашуун киши чакырылган.