Ордо калаадагы 7 миңден ашык абоненттин электр энергиясы 28-марттан тарта аралыктан өчүрүлөт.
Ыңгайсыздыкка кабылбаш үчүн «Түндүкэлектр» ишканасы электр энергияга болгон эсепти өз маалында төлөөгө чакырат.
Карызды почта бөлүмдөрүндө, кезек күтпөстөн терминалдар, электрондук капчыктар аркылуу дагы төлөсө болот.