Буга чейин бир нече обсервацияда иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды

Буга чейин бир нече обсервацияда иштеген медиктер 14 күндүк карантинге алынды.

Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Буга чейин обсервация

жайларында эпидемиялык кооптуу аймактардан келген жарандар кармалып турган.

Алардын арасында вирустун клиникалык белгилери барлар ооруканага жаткырылды.

Жуктуруп алгандар дагы ошол жактан чыккан. Ошол себептүү алар менен иштеген

медиктер карантинге киргизилди. Учурда вирус жуктуруп алган медицина кызматкери жок.