Кыргыз-кытай чек арасындагы “Торугарт” жана “Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү бекеттери
убактылуу жабылды. Түйүндөрдөн бүгүн, 14-июнда унаалар өткөрүлбөйт. Бул кытайда
өтө турган күрүч майрамын белгилөөгө байланыштуу. Пункттар кайра эле эртең,
15-июнда ишин жандантат. Эске салсак, учурда «Торугарт» жана «Эркеч-Там»
көзөмөл бекеттери өзгөчө алгоритм менен иштеп жатат. Тагыраагы,
бул жерлерден Кытайдан Кыргызстанга келе жаткан товарлар гана өткөрүлөт.