Быйыл өлкөдөгү 624 мектеп интернетке кайрадан кошулат

Быйыл өлкөдөгү 624 мектеп интернетке кайрадан кошулат.

Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин Маалымат менен

камсыздоо бөлүмүнүн адиси Марлен Алишев novosti.kg ге билдирет.

Анын айтымында, республика боюнча билим берүү мекемелеринин

99 пайызы интернетке кошулган. Бирок анын бардыгы жогорку ылдамдыктагы

деп айтууга болбойт. Мындан улам өлкөнүн алыскы аймактарындагы

мектептерде интернет колдонуу көйгөйү бар. Кошумчаласак, быйыл

“Акылдуу мектеп” долбоору ишке ашат. Мектептин веб-сервиси болуш

керектиги, жаңы системанын бир бөлүгү.