Мектеп бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик экзамен тапшырбайт.
Коронавируска байланыштуу 9 жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн
мамлекеттик экзамендери жыл ичиндеги жетишкендиктерин эске алуу менен
гана коюлат, — дешти Билим берүү министрлигинен. Бааларды атайын түзүлгөн
предметтик мамлекеттик комиссия коет. Эгер окуучу же алардын ата-энелери
жалпы мамлекеттик аттестацияда коюлган баага макул болбосо, апелляциялык
комиссияга кайрыла алат. Комиссия жобого ылайык арызды карап чыгат.
Жалпы мамлекеттик экзамендер 2-июндан 13-июнга чейин беш предметтен өтмөк.