Валентина Шевченко 6 айга чейин беттештерге катышуудан четтетилди

Валентина Шевченко 6 айга чейин беттештерге катышуудан четтетилди.

Мындай чечимди Техастын мелдештерге уруксат берүү жана жөнгө

салуу департаменти кабыл алды. АКШнын Атлетикалык комиссиясынын

эрежеси боюнча, дарыгерлердин комиссиясы турнирлерден кийин мушкерлерди

«медициналык себептерге байланыштуу» белгилүү бир убакытка четтетет.

Анын убактысы денедеги жаракаттарга байланыштуу аныкталат.