Кыргызстанда жаңы окуу жылында ЖОЖдордо окутуу формасы эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот

Кыргызстанда жаңы окуу жылында ЖОЖдордо окутуу формасы эпидемиологиялык абалдан көз каранды болот.

Бул тууралуу Билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирет. Анын айтымында,

ведомство буга карата антикризистик план иштеп чыкты. Абал начарлап кетсе дистанттык негизде,

оң жагына өзгөрсө кадимки режимде эле сабактар өткөрүлөт. Мындан тышкары

аймактарда кырдаал жакшырса студенттер салттык негизде окуп калат.