Бишкекте 7 мектеп жана 1 бала бакча онлайн иштөөгө өттү.
Бул тууралуу санэпидемиологиялык борбордун буйругунда айтылат.
Бүгүнкү күндө №4, 67, 29, 38, 18, 60 жана бир жеке мектеп, ошондой эле
№135-мектепке чейинки даярдоо мекемеси карантинге жабык. Аталган
билим берүү уюмдарынан 2 же андан ашык вирустун учуру катталды.
Ошондой эле бир катар мектептерде айрым класстар онлайн билим
берүүгө өттү. Калаа бийлигинен белгилешкендей, коронавируска
шектүү баланы мектепке жибербей, дароо дарыгерге алып баруу зарыл.