Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кайрадан жер титиреди

Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кайрадан жер титиреди. Магнитудасы 5,2 баллга жеткен жер силкинүүлөрү таңкы саат 4:22де катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Айкөл айылынан 146 чакырым алыстыкта жайгашкан.   Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Эске салсак, кыргыз-кытай чек… Кененирээк…

Кыргызстанда түндө дагы бир нече жер титирөө катталды

Кыргызстанда түндө дагы бир нече жер титирөө катталды.   Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, магнитудасы  3.3 жеткен зилзаланын очогу Кочкор айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.   Башка жер силкинүүлөрдүн очогу Кытайдын аймагында экени айтылды. Ысык-Көл облусунун айрым айылдарынын тургундары күчү 3 баллга жеткен… Кененирээк…

Кыргызстандыктарды түндө дүрбөлөңгө салган жер титирөөнүн очогу Кытайда болгон

Кыргызстандыктарды түндө дүрбөлөңгө салган жер титирөөнүн очогу Кытайда болгон. Кыргызстан жана Казакстан чек арасынан ал 264 чакырым алыстыкта жайгашкан. Зилзаланын очогундагы күчү 8 баллга жеткен.   Силкинүүлөр Кыргызстандын бардык аймактарында сезилди. Каракол шаарында, Кажы-Сай айылында 5 балл, Нарында – 4, Бишкекте – 3 балл болгонун… Кененирээк…

Алмата шаарында жер титирөөдөн 8 адам жабыркады

Алмата шаарында жер титирөөдөн 8 адам жабыркады.   Бул тууралуу ТАСС калаанын саламаттыкты сактоо башкармалыгына таянып билдирет. Маалыматка ылайык, жабыркагандар ооруканага жеткирилди.   Үч адам экинчи жана үчүнчү кабаттан секирип кеткен, калгандары силкинүү учурунда үйдөн чуркап чыгып атканда жараат алган. Аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлдү.… Кененирээк…

Бишкекте аскердик тик учактын кыйрашынан 1 адам каза тапты, сегизөө жабыркады

Бишкекте аскердик тик учактын кыйрашынан 1 адам каза тапты, сегизөө жабыркады.   Абалдары канаттандырарлык, тиешелүү дарылануу алышууда. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.   Ведомство маалыматына ылайык, бүгүн күндүзгү саат 10:55те «Фрунзе — 1» авиабазасында окуу-машыгуулардын учурунда Ми-8 аскердик тик учагы кулап түшкөн. Окуянын чоо-жайы такталууда.

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды

Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна кайрадан кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, кар массасы аталган трассанын 88-89-чакырымдарында түшкөн.   Жабыркагандар жок. Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүүдө. Белгилеп кетсек, буга чейин 16-январга караган түнү дагы бул жолдо кар көчкү түшүп, кыймылга убактылуу… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасында жер титирөө катталды

Кыргыз-тажик чек арасында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды.   КР Сейсмология институтунун маалыматына таянсак, жер титирөөнүн очогу: Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Алай кырка тоолорунда, Ачык-Суу айылынан туштүк-чыгышты карай 11 чакырым, Ош шаарынан түштүк-батышты карай 132 чакырым алыстыкта жайгашкан.   Жер силкинүү… Кененирээк…

Бишкекте кампалардын биринен өрт чыкты

31-декабрда эртең менен Бишкек шаарындагы кампадан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, өрт саат 9:36да чектөөгө алынган, жабыркагандар жок.   Маалыматка караганда Свердлов районунун Хивинская көчөсүндө жайгашкан кампада үйдүн эшиктери сакталып турган. Өрттүн себептери, чыгымы такталууда. Быйыл 11 айда Кыргызстанда… Кененирээк…

Каракол шаарынын облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыгып, 60 бейтап жана төрт медицина кызматкери эвакуацияланды

Каракол шаарынын облустук ооруканасынын кардиология бөлүмүндө өрт чыгып, 60 бейтап жана төрт медицина кызматкери эвакуацияланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, тилсиз жоодон оорукананын 12 чарчы метр шыбы күйүп кетти. Жабыркагандар жок. Тилсиз жоо толугу менен өчүрүлдү. Учурда өрттүн… Кененирээк…

Бишкекте бомба тууралуу маалыматтан улам окуучулар эвакуацияланды

Бишкектеги №67 орто мектепте жардыргыч зат орнотулганы тууралуу маалымат түштү деген негиз менен окуучулар, мугалимдер эвакуацияланды. Соцтармактарда тараган маалыматты Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы ырастап, учурда издөө иштери жүрүп жатканын билдирди. Аталган мектеп так ушундай себеп менен 1-декабрда да эвакуацияланган. Өткөн жумада борбор калаада «бомба… Кененирээк…