Кыргызстанда түндө дагы бир нече жер титирөө катталды

Кыргызстанда түндө дагы бир нече жер титирөө катталды.

 

Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, магнитудасы  3.3 жеткен зилзаланын очогу Кочкор айылынан 30 чакырым алыстыкта жайгашкан.

 

Башка жер силкинүүлөрдүн очогу Кытайдын аймагында экени айтылды. Ысык-Көл облусунун айрым айылдарынын тургундары күчү 3 баллга жеткен силкинүүнү сезишкен.