Кыргызстан менен Кытайдын чек арасында кайрадан жер титиреди. Магнитудасы 5,2 баллга жеткен жер силкинүүлөрү таңкы саат 4:22де катталды. Бул тууралуу АКШнын Геологиялык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, зилзаланын очогу Айкөл айылынан 146 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок. Эске салсак, кыргыз-кытай чек арасында 23-январга караган түнү дагы жер титирөө катталып, ал Кыргызстан, Казакстанга дагы сезилди.