Жалал-Абад шаарында мектеп жана бала бакчалар текшерилүүдө

Жалал-Абад шаарындагы мектептердин жана бала бакчалардын санитардык абалы, балдарга берилип жаткан тамак-аштын сапаты текшерилүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, текшерүү иштерин тийиштүү кызматтардан турган комиссия жүргүзүүдө.   Рейддин жүрүшүндө билим берүү мекемелеринде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча жеринде тапшырмалар берилди. Алдыда мындай текшерүүлөр улантылат.   Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарында… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы Чаткал дарыясынын жээги бекемделүүдө

Жалал-Абаддагы Чаткал дарыясынын жээги габион торчолору менен бекемделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.   Жергиликтүү бийлик тарабынан 285 даана габион торчо алынып, учурда белгиленген Жер-Капчыгай, Айгыр-Жал, Кара-Шоро айылдары жергиликтүү тургундардын жардамында бекемдөө жумуштары жүрүүдө.   Белгилей кетсек, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу… Кененирээк…

Бишкекте дүйнөдө биринчи жолу «Ы» тамгасына эстелик коюлат

Бишкекте дүйнөдө биринчи жолу «Ы» тамгасына эстелик коюлат. Арт-объект Бишкек шаарынын күнүнө карата 29-апрель күнү «Ынтымак» паркында ачылат. Иш-чараны «Российская газета» менен Бишкек мэриясы уюштуруула. Кыргызча-орусча сөздүктө «ы» тамгасынан башталган 600дөн ашуун сөз бар. Арт-объектиге QR-код коюлуп, ал аркылуу Кыргызстандын географиясы, кыскача тарыхы, эли тууралуу… Кененирээк…

1-майда бирдиктүү декларация тапшыруу мөөнөтү соңуна чыгат

1-майда бирдиктүү декларация тапшыруу мөөнөтү соңуна чыгат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 30-апрелге чейин салык органдары эртең мененки саат 9дан түн жарымга чейин иштейт.   Физикалык жактар отчетторун “жеке кабинет” аркылуу онлайн форматта же салык кызматына келип кагаз түрүндө тапшырса болот.   Ал эми жеке ишкерлер… Кененирээк…

Үч округ боюнча депутаттарды шайлоодо 680 жаран шайлоо тилкесинен тышкары добуш берет

Үч округ боюнча депутаттарды шайлоодо 680 жаран шайлоо тилкесинен тышкары добуш берет.   БШКдан эске салышкандай, мөөнөтүнө чейин добуш берүү укугуна тилкеге ден-соолугунун абалы, жаш курагы боюнча же башка олуттуу себептер менен келе албай калгандар ээ.   Тилкеден тышкаркы добуш берүү эртең өтөт. Ал эми… Кененирээк…

Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык турак-жайга кезекте 23 миң 500 үй-бүлө турат

Кыргызстанда мамлекеттик ипотекалык турак-жайга кезекте 23 миң 500 үй-бүлө турат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык уюмунун башкаруу төрагасы Тилек Жээмбаев билдирди.   Анын айтымында, соңку 3 жылда компания тарабынан 4 миң үй-бүлө турак-жайлуу болду. Буга 9 миллиард 600 миллион сом жумшалган. Учурда “Социалдык ипотека” категориясы боюнча… Кененирээк…

Мамлекеттик нотариустар эми ишемби күндөрү да иштейт

Мамлекеттик нотариустар эми ишемби күндөрү да иштейт. Юстиция министрлигинен билдиришкендей, бул мүлктү легалдаштырууну каалагандардын көптүгү менен байланыштуу.   Эске салсак, мүлктөрдү ыктыярдуу түрдө легалдаштыруунун мөөнөтү 9-июнга чейин.   Нотариустардын жаңы иш тартиби эртең, 27-апрелден тарта күчүнө кирет.

Ошто үч эм төрөлдү

Ошто үч эм төрөлдү. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, наристелер 19-апрелде жарыкка келишкен.   Аларга — Амантай, Эртай жана Эсентай деген ысым ыйгарылды.

Бишкектин Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкектин Ахунбаев көчөсүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Мэриянын маалыматына караганда, аталган көчөнүн Достоевский көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдолот.   Унаа тыгынын болтурбоо үчүн жол маал-маалы менен жабылууда.   Белгилеп кетсек, бул тилкеде капиталдык оңдоо иштери акыркы жолу 2008-жылы жүргүзүлгөн.

Кыргызстан ЕАЭБ аймагынан тышкары макулатураны чыгарууга убактылуу тыюу салды

Кыргызстан ЕАЭБ аймагынан тышкары макулатураны чыгарууга убактылуу тыюу салды. Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Чектөөлөр жарым жыл күчүндө болот.   Тиешелүү мамлекеттик органдарга токтомго ылайык бардык чараларды көрүү тапшырмасы берилди.