Жалал-Абадда жер көчүп, Баткенде сел жүрдү

10-май күнү саат 22:30 чамасында Балыкчы – Казарман – Жалал-Абад альтернативдүү уавтонаа жолунун 364-чакырымында жер көчкү жүрүп, жолду жаап калган. Буга байланыштуу жол каттамы жабылды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо (ЖКККБ) кызматы тарабынан пост уюштурулду. Тазалоо иштери 11-май күнү «Чайна-Роуд» ишканасы тарабынан жүргүзүлөрүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги… Кененирээк…

Эми “Түндүк” тиркемесинен салык карызы тууралуу маалымкат алса болот

Эми “Түндүк” мобилдик тиркемесинде мүлк салыгы (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк) STI-19 жана салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча STI-20 карызынын жок же бар экендиги жөнүндө маалымкат алууга болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.   Ведомстводон белгилешкендей, ошондой эле жарандардын ынгайлуулугу үчүн Мамлекеттик салык кызматынын эки… Кененирээк…

Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолуна асфальт төшөлдү

Бөкөнбаев — Көл-Төр — Дөң-Талаа унаа жолунун 3 чакырымынаа асфальт төшөө иштери аяктады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев билдирди.   Анын айтымында, учурда бул тилкедеги асфальт төшөө иштерине 10дон ашык атайын техника тартылып, анда 30 жолчу иштөөдө.   «Жол тилкелеринде “Кыргызавтожол” мамлекеттик… Кененирээк…

14-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт

14-майда Бишкектин бир бөлүгүндө суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу эртең мененки саат 9дан түнкү 11ге  чейин Ахунбаев – Поваринская – Серафимович – Садырбаев көчөлөрү менен чектелген аймакта, “Жал-15” кичи району, 30 дарегинде таза суу берүү токтотулат.   Мекеме-уюмдар… Кененирээк…

Кыргызстанда эртең иш күнү болот

Кыргызстанда эртең иш күнү болот. Эмгек министрлигинен эскертишкендей, катары менен эс алуу үчүн 3-майдагы иш күн 11-май, ишембиге жылдырылган.   Ал эми бейшемби, 9-май өлкөдө расмий түрдө дем алыш болуп эсептелет.

Быйылкы жылдын апрель айы тарыхтагы эң ысык болду

Быйылкы жылдын апрель айы тарыхтагы эң ысык болду. Муну европалык климаттык кызмат – Коперниктин маалыматтары тастыктайт.   Рекорддор 11 ай катары менен коюлду.   Эксперттердин айтымында, климаттын өзгөрүшүнүн негизги себеби – казылып алынган отунду күйгүзгөндөн чыккан парник газдары. Бул кургакчылык жана суу ташкындары сыяктуу аба… Кененирээк…

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн тилкесинде унаа кыймылы толугу менен жабылды

Ордо калаадагы Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн тилкесинде унаа кыймылы толугу менен жабылды. “Бишкекжылуулук” ишканасынан билдиришкендей, Медеров менен Кулатов көчөлөрүнүн ортосунда магистралдык жылуулук тармагын оңдоо иштери башталды. Жумуштар жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу үчүн жүргүзүлүүдө.   Реконструкциялоодо түтүктөр жана башка жабдуулар алмаштырылат.

«Кыргыз мерген» ишканасын түзүлүшү мүмкүн

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги «Кыргыз мерген» мамлекеттик ишканасын түзүүнү сунуштоодо. Тиешелүү токтомго өзгөртүү долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Документтин негиздемесинде аталган мамлекеттик ишкананын уставын бекитүү бюджетке кирешени көбөйтүү максатында иштелип чыкканы айтылган. Ошондой эле учурда өлкөдө 14,4 миллион гектар аянтта 52 аңчылык (41… Кененирээк…

Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды

Ноокаттагы №5 жана Ысык-Көлдөгү №36 бир мандаттуу округдарда мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого добуш берүүчүлөрдүн алдын ала тизмеси жарыяланды. Боршайкомдон билдиришкендей, Ноокат округунда 91 миң жаран добуш берсе, Ысык-Көл округунда 97 миң добуш берүүчү катталган.   Тизме 114 шайлоо тилкесинде 14-майга чейин илинет.   Жарандар андан… Кененирээк…

Бүгүн Бишкектин бир катар аймагында суу өчүрүлөт

Бүгүн, 10-майда Бишкектин бир катар аймагында суу убактылуу өчүрүлөт.   Мэриянын маалыматына караганда, саат 9:00дөн 17:00гө чейин — Киев – Абдрахманов – Шопоков – Фрунзе көчөлөрү менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт. Бул убакытта диаметри 150 мм болгон шаардык суу түтүктөрү оңдолот.