Үч округ боюнча депутаттарды шайлоодо 680 жаран шайлоо тилкесинен тышкары добуш берет.
БШКдан эске салышкандай, мөөнөтүнө чейин добуш берүү укугуна тилкеге ден-соолугунун абалы, жаш курагы боюнча же башка олуттуу себептер менен келе албай калгандар ээ.
Тилкеден тышкаркы добуш берүү эртең өтөт. Ал эми шайлоонун өзү Баткен, Ош жана Кара-Суу райондорунун округдарында 28-апрелге белгиленген.