«Манас» эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады

«Манас» эл аралык аэропорту кадимки режимде иштей баштады. Бул тууралуу аба майдандын маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин аэропорттун аймагына түшкөн коюу тумандан улам каттамдар кармалып жатканы айтылган. Ал эми учурда туман таркап 1 миң метр аралык көрүнүүдө. Каттамдар тууралуу алдын-ала маалыматты 0(312) 69-31-09 номери аркылуу… Кененирээк…

Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду

Сүлүктү шаарында газ чыккан көмүр шахтага тосмолор орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет. Маалыматка ылайык, тосмо орнотуу иштерине 11 куткаруучу тартылды. Эске салсак, 10-декабрда аталган шахтада 4 адам газга ууланып каза болгон. Куткаруучулар 215 метр тереңдиктен ууланган жумушчуларды алып чыгып, туугандарына алардын сөөгүн тапшырып… Кененирээк…

Бишкекте банкты тоноого шектүүлөр кармалды

Бишкекте банкты тоноого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Канат Джумагазиев билдирет. Анын айтымында, ыкчам-тергөө топ түзүлүп, шектүүлөр аныкталды. Эске салсак, 26-ноябрда белгисиз эки адам каржы мекемесине кирип, күзөтчүлөрдүн бирине күч колдонуу менен каражаттарды алып, качып кетишкен. Аталган кылмыш видео көзөмөлгө… Кененирээк…

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө 21-декабрда ачылат

Кыргызстанда кышкы туристтик сезон расмий түрдө 21-декабрда ачылат. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди. Маалыматка караганда, иш-чара Чүй облусунун Кемин районундагы «Ак-түз» тоо лыжа базасында өтөт. Анда балатылардын арасында муз тебүүчү жолдор бар. Ал Free ride жана Skip Tour деп аталат, бул… Кененирээк…

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт

Унааларга жасалма номер тагып жүргөндөр үчүн жаза күчөтүлөт. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка караганда, учурда жасалма, өзүнө таандык эмес номерди тагып жүргөндөргө 10 миң сом айып тагылат. Учурда, ал жазаны күчөтүү боюнча өзгөртүүлөр Жогорку Кеңеште үчүнчү окуудан өттү. Ага президент… Кененирээк…

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салынды

Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салынды. Тиешелүү документке Сооронбай Жээнбеков кол койду. Мыйзамга ылайык, эми Кыргызстандын аймагына уран жана торий камтылган чийки заттарды жана калдыктарды алып келүүгө жол берилбейт. Эске салсак, жазында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө… Кененирээк…

Жаңы жылдык эс алуулар бекитилди

Жаңы жылдык эс алуулар бекитилди. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, 1-январдан 7-январга чейин расмий түрдө  дем алыш жарыяланат. 5 күндүк тартип менен эмгектенген кыргызстандыктар бул күндөрү жумушка чыкпайт.   Бул дем алыш күндөрүн сарамжалдуу пайдалануу максатында кабыл алынды, — дешти өкмөттөн.

Ошто тоо-лыжа базасы пайда болот

Ошто тоо-лыжа базасы пайда болот. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди. Анын айтымында, бул максатта Алай районунда тилке каралууда.   Анда кар көп жаап, жакшы жатат. Белгилеп кетсек, Кыргызстанда жалпысынан 22  тоо-лыжа базасы бар болсо, анын 16сы гана иштейт.

Чүй облусунда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына мектептин курулушу башталды

Чүй облусунда Сауд өнүктүрүү фондунун каражатына мектептин курулушу башталды. novosti.kgге Мкамлекеттик архитектура агенттигинен билдиришкендей, эки кабаттуу билим берүү имараты Озерное айылында салынып жатат.   Мектеп 375 окуучуга чакталат. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 91 миллион сомду түзөт. Күтүлгөндөй, ал колдонууга 2021-жылы берилип калат.

Учурда кыргызстандыктардын орточо маянасы 16 миң 563 сомду түзөт

Учурда кыргызстандыктардын орточо маянасы 16 миң 563 сомду түзөт. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык,  үстүбүздөгү жылдын январынан тарта октябрына маяна орточо эсеп менен 4,2 пайызга өстү.   Мындай статистика өлкөдөгү жеке менчик жана мамлекеттик мекеме, уюмдарда төлөнчү маяналарды кошуп чыгарылган. Ал эми  расмий катталган жумушсуздардын саны… Кененирээк…