Бишкектеги «Асанбай» паркынын ордуна заманбап оюн-зоок жайы курулат

Бишкектеги «Асанбай» паркынын ордуна заманбап оюн-зоок жайы курулат. Мэриядан билдиришкендей, парк жаңы форматта жана жаңы аттракциондору менен болот.   Ал эми учурда иштеп жаткан зоопарк жалпы концепцияга ылайыкташтырылгандыктан, ишин улантат.   Бүгүнкү күндө “Бишкек башкы архитектура” ишканасы тарабынан долбоор иштелип жатат.

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн. 10-12-майда күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу Кыргызгидромет кызматы шашылыш билдирүү таратты.   Маалыматка ылайык, өлкөдө мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт.   Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана… Кененирээк…

Жалал-Абадда жер көчкү коркунучунан улам 10 үй-бүлө көчүрүлдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районуна караштуу Жүзүмжан айылында 10 үй-бүлө убактылуу коопсуз жайга көчүрүлдү. Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, аталган аймакта эски жер көчкү активдешкени байкалууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө кооптуу аймактарда 3 миң 900гө жакын адам жашайт. Алардын миңден ашууну Жалал-Абад облусунун аймагында… Кененирээк…

Бишкектик активисттер ботаникалык бакка 30дан ашык техника тапшырды

Бишкектик активисттер өлкөдөгү жалгыз ботаникалык бакчанын кызматкерлерине өсүмдүктөрдү багуу үчүн 30дан ашык техника тапшырды. Алар бул үчүн каражатты жыл бою чогултушкан. Жалпысынан 1 миллион 600 миң сомго жакын каражат топтолгон. Бул суммага 39 буюм-тайым сатылып алынган.   Бишкектеги ботаникалык бакта Кызыл китепке кирген өсүмдүктөр өстүрүлүп,… Кененирээк…

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы ФАП ачылды

Бишкектин Ак-Бата конушунда жаңы ФАП ачылды. Мэриядан билдиришкендей, медициналык мекеменин жалпы аянты 200 чарчы метрди түзүп, ал заманбап жабдуулар жана керектүү эмеректер менен камсыздалды.   ФАПта жергиликтүү тургундарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, ооруларды алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт.

Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси 2 миллион жолу жүктөлдү

Кыргызстанда “Түндүк” мобилдик тиркемеси 2 миллион жолу жүктөлдү. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, бул анын Кыргызстандын жарандары арасында актуалдуулугун жана суроо-талапка ээ экенин тастыктайт.   “Түндүк” мобилдик тиркемеси мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталынын компоненти болуп саналат, ал телефон аркылуу мамлекеттик кызматтарды алууга… Кененирээк…

Альпинист Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди

Эверест чокусун багындырган белгилүү альпинист, Кыргызстандын Альпинизм федерациясынын жетекчиси Эдуард Кубатов Гиннес рекорддор китебине кирди. Бул тууралуу альпинист Илим Карыпбеков кабарлады.   «Жакын арада Guinness World Records биздин мекендешибизди дүйнө рекордунун ээси катары каттады. Эдуард Жумакадырович тарыхта Манаслу чокусуна — 8163 метр бийиктикке кычкылтексиз чыккан эң… Кененирээк…

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот.   Эмгек министрлигинен эскертишкендей, 9-майда Жеңиш күнүнө карата өлкөдө эс алуу жарыяланган, ал эми эмгек кодексине ылайык, майрам алдындагы иш күн кыскартылат.   Эске салсак, ишембиде кыргызстандыктар жумушка чыгат. Анын ордуна 3-майда дем алыш жарыяланган болчу.

Бишкектин Гоголь көчөсүндө эртең магистралдык жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталат

Бишкектин Гоголь көчөсүндө эртең магистралдык жылуулук тармактарын оңдоо иштери башталат. “Бишкек жылуулук тармактарынан” билдиришкендей, жумуштар анын темир жол линиясынан Москва көчөсүнө чейинки тилкесинде жүргүзүлөт.   Бул бөлүктө унаа кыймылына жарым-жартылай чектөөлөр киргизилет. Иштер келе жаткан жылуулук сезонуна даярдыкты алкагында жүргүзүлүп, августка чейин созулат.

Бишкекте көрктөндүрүү эрежесин бузгандарга бир күндө 700 миң сом айып салынды

Бишкек шаардык мэриясындагы Муниципалдык инспекция бир күндүн ичинде борбор шаарда көрктөндүрүүнү бузган тараптарга 702 миң 500 сом айып салды. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады. Борбор калаадагы көрктөндүрүү объектилерин сактоо боюнча рейд 6-майда өткөн. Анда 55 протокол түзүлгөн. Айып негизинен жашоочуларга жана чарбалык субъектилерге жазылган. Шаар… Кененирээк…