1-майда бирдиктүү декларация тапшыруу мөөнөтү соңуна чыгат

1-майда бирдиктүү декларация тапшыруу мөөнөтү соңуна чыгат. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 30-апрелге чейин салык органдары эртең мененки саат 9дан түн жарымга чейин иштейт.

 

Физикалык жактар отчетторун “жеке кабинет” аркылуу онлайн форматта же салык кызматына келип кагаз түрүндө тапшырса болот.

 

Ал эми жеке ишкерлер бирдиктүү декларацияны бир гана электрондук форматта тапшырат.