Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди
Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди. Ачылыш аземи кечээ, Кара-Бүргөн айылында райондун акими Сейтек Кулубаев жана башкаруу органдарыынын катышуусунда өттү. Ал эми курулуш иштерине айыл өкмөт тарабынан жалпы 2 миллион 600 миң сом сарпталды. Анын 10 пайызы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.