2019-жылы Кыргызстандын спортчулары уткан медалдардын саны 1000 ден ашты

2019-жылы Кыргызстандын спортчулары уткан медалдардын саны 1000 ден ашты. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, анын 400дөн ашыгы алтын, калгандары күмүш жана коло. Белгилеп кетсек, ушул жылы аталган агенттик тарабынан 1 жарым миң спортчуга 36 миллион сомдон ашык стипендия төлөндү.

Кыргызстандык балбан алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды

Кыргызстандык балбан алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону аталды. Орозбек Аширов 100 киллограм категориясына чейинки салмакта мелдештин чейрек финалынан баштап катышкан. Финалдык кармашууда Орозбек Аширов монголиялык спортчуну жеңип алыш күрөш боюнча дүйнө чемпиону болду. Турнир кечээ Казакстандын Нур-Султан калаасында жыйынтыкталды.

Кыргызстан 2020-жылдагы олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну пландап жатат

Кыргызстан 2020-жылдагы олимпиада оюндарына 21 лицензия алууну пландап жатат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Анын айтымында, Кыргызстан спортчуларында жалпысынан спорттун 13 түрү боюнча 21 лицензия алуу планы бар. Белгилеп кетсек, аталган оюндарга биздин өлкөнүн спортчулары, Айсулуу Тыныбекова, Денис Петрашов, Юлия Андреева, Дарья Маслова жана… Кененирээк…

ФИФА расизмге каршы күрөшүү боюнча протоколу биринчи жолу колдонду

ФИФА расизмге каршы күрөшүү боюнча протоколу биринчи жолу колдонду. Лондондо «Тоттенхем» жана «Челси» футбол командаларынын беттешинде колдонулду. Эки команда таймашып жатканда «Тоттенхемдин» түштүк кореялык оюнчусу Сон Хен Мин атаандашы, афроамерикалык Антонио Рюдигерди буту менен тээп жиберген. Мындан кийин Сон Хен Мин оюндан четтетилди. «Тоттенхемдин» күйөрмандары… Кененирээк…

Кыргызстан футбол федерациясы жыл мыктыларын аныктады

Кыргызстан футбол федерациясы жыл мыктыларын аныктады. Бул тууралуу novosti.kg ге аталган федерациядан билдиришти. Маалыматка караганда, Football Awords 2019 сыйлыгын тапшыруу салтанаттуу аземинде “Кыргыз республикасын мыкты футболчусу” наамына Гүлжигит Алыкулов татыктуу болду. Ал эми мыкты “Машыктыруучу” деп Александр Крестинин аталды. Анын жетегинде биздин өлкөнүн футболчулары алгачкы… Кененирээк…

Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жылдын мыкты спортчуларын аныктады

Дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги жылдын мыкты спортчуларын аныктады. Мындай наамга Айсулуу Тыныбекова, Улукбек Жолдошбеков, Жыргалбек Орозбаев, Бектурган Кожомуратов жана Авазбек Аманбеков татыды.   Алар олимпиадалык, паралимпиадалык жана спорттун улуттук түрү боюнча өлкө намысын мыкты коргоп жүргөндөр. Кошумчаласак, жалпысынан кыргыз спортчулары бул жылы  жалпысынан 1… Кененирээк…

Кувейттеги эл аралык турнирде кыргызстандык дзюдочу алтын медалга ээ болду

Кувейттеги жаштар арасындагы эл аралык турнирде кыргызстандык дзюдочу алтын медалга ээ болду. Спортчу Адил Мырзаев 81 киллограммга чейинки  категорияда күч сынашты. Ал финалда Араб Эмираттарынын дзюдочусу менен беттешип, атаандашын утуп, алтын медалга ээ болду. Ал эми эл аралык мелдеш 20-декабрда Эль-Кувейт шаарында башталган.

Барселона» клубунун жетекчилиги Лионель Мессинин келишимин узартууга сүйлөшүүлөрдү өткөрөт. Учурдагы аргентиналык оюнчунун келишими 2021-жылдын жайына чейин түзүлгөн. “Барселона» Мессинин келишимин 2023-жылга чейин узартууну каалап жатат. Кошумчаласак, быйылкы сезондо Месси «Барселонанын» катарында 17 оюн өткөрүп, 14 гол киргизди.

Жал кичи районунда жакынкы арада жаңы спорт аянтчасы пайда болот

Жал кичи районунда жакынкы арада жаңы спорт аянтчасы пайда болот. Бишкек мэриясынан билдиришкендей, куруучулар футбол талаасын ирээтке келтирип,   19 машыгуу шаймандарын орнотушту.   Тосмолорду тургузуп, жарык берүү системасын орнотуп, таман таштарды төшөө иштери жүргүзүлүп жатат. Спорт аянтында ошондой эле, отургучтар менен эс алуу аймагы… Кененирээк…

Криштиану Роналду 71 сантиметр бийиктикке секирип гол киргизди

Криштиану Роналду «Сампдория» командасына каршы оюнда 71 сантиметр бийиктикке секирип гол киргизди. Футбол боюнча Италиянын биринчилигинин 17-турунда «Сампдория» командасы өз талаасында «Ювентус» клубун кабыл алды. Беттеш 2:1 эсебинде «Ювентустун» пайдасына чечилди. Оюндун экинчи бөлүгүндө Роналду 71 сантиметр бийиктикке секирип башы менен сүзгөн тобу голго айланды.… Кененирээк…