2020-жылкы Олимпиадада алдыңкы орун алган спортчуларга акчалай сыйлык ыйгарылат

2020-жылкы Олимпиадада алдыңкы орун алган спортчуларга акчалай сыйлык ыйгарылат.

Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынан билдиришти. Ага караганда,

сыйлыктын суммасы 10 миллион сомго чейин жетиши болжолдонууда.

Олимпиадага Кыргызстан спорттун 13 түрү боюнча 21 жолдомо алууну пландап жатат.

Учурда биздин өлкөдөн балбандар Айсулуу Тыныбекова жана Атабек Азизбеков,

суучул Денис Петрашов, жеңил атлет Юлия Андреева жана Дарья Масловада жолдомо бар.

Эске салсак,  Олимпиада оюндары кийинки жылдын жайында Токиодо өтөт.