Нарын облусунун Ак-Талаа районунда жаңы футбол аянтчасы пайдаланууга берилди.
Ачылыш аземи кечээ, Кара-Бүргөн айылында райондун акими Сейтек Кулубаев жана
башкаруу органдарыынын катышуусунда өттү. Ал эми курулуш иштерине
айыл өкмөт тарабынан жалпы 2 миллион 600 миң сом сарпталды.
Анын 10 пайызы демөөрчүлөрдүн колдоосу менен ишке ашты.