Килиан Мбаппе мадриддик “Реалда” бир сезондо 15 миллион евро табат

Килиан Мбаппе мадриддик “Реалда” бир сезондо 15 миллион евро табат.   Белгилеп кетүүчү нерсе, бул сумма анын ПСЖдагы айлыгына салыштырмалуу аз. Андан тышкары, форвард 150 миллион евро өлчөмүндө жазылуу бонусуна ээ болот.   Эске салсак, Мбаппенин ПСЖ менен келишими 30-июнда аяктайт. Ал бул клубда 2017-жылдан… Кененирээк…

Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат

Ош облусунун Кара-Суу шаарына эл аралык талаптарга жооп берген стадион курулат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев билдирди.   Маалыматка ылайык, «Манас» стадионун жаңылоо иштери жакын арада башталат. Каржылоону жергиликтүү бийлик колго алары белгиленди.

Аналитиктер Парижде ушул жайда өтө турган Олимпиада оюндарынын кирешесин эсептеди

Аналитиктер Парижде ушул жайда өтө турган Олимпиада оюндарынын кирешесин эсептеди. Күтүлгөндөй, шаар эң аз дегенде 6 миллиард евро табат. Эксперттер болжолдошкондой, оюндар учурунда Франциянын борбор шаарында 3 миллионго чейин турист келет.   Белгилеп кетсек, Олимпиаданы үч тарап каржылап жатат.7 миллиард евро медиа укук ээлеринен, демөөрчүлөрдөн,… Кененирээк…

«Курманбек» стадиону толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди

Жалал-Абаддагы «Курманбек» стадиону толук реконструкцияланып, пайдаланууга берилди.   Кыргыз футбол биримдигинен билдиришкендей, аталган стадиондо гибриддик оюн талаасы, 5 миң көрүүчү үчүн орундуктар жана жарык берүүчү шам-чырактар орнотулуп, бөлмөлөр оңдоп-түзөлдү. Анын алкагында эл аралык расмий оюндарды жана мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.  

MLS “Лос-Анджелес” футбол клубу франциялык форвард Оливье Жиру менен келишим түзүлгөнүн жарыялады

MLS “Лос-Анджелес” футбол клубу франциялык форвард Оливье Жиру менен келишим түзүлгөнүн жарыялады. Контракт 2025-жылга чейин, бир сезонго узартуу мүмкүнчүлүгү менен түзүлдү.   Белгилеп кетсек, Оливье Жиру 2021-жылдан бери италиялык “Миландын” курамында ойноп келген. Келишим ушул сезондун аягында жыйынтыкталат.

Кыргызстандык спортчулар жайкы олимпиада оюндарына 13 лицензия ээлешти

Кыргызстандык спортчулар жайкы олимпиада оюндарына 13 лицензия ээлешти.   Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришкендей, 10 жолдомо күрөш боюнча, бири сууда сүзүү дисциплинасында, эки жолдомо жеңил атлетика боюнча. Эске салсак, оюндар Парижде 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

Шахмат боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды

Шахмат боюнча өлкө чемпионаты жыйынтыкталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мелдеш 11-майда аяктап, жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылды.   Белгилей кетсек, бул турнирдин жыйынтыгы менен Олимпиадалык курама команда түзүлөт. Ал эми Дүйнөлүк шахмат олимпиадасы сентябрь айында Венгрияда… Кененирээк…

Кыргызстандык эки жөө күлүк Париж Олимпиадасына жолдомо алды

Кыргызстандык жөө күлүктөр Илья Тяпкин менен Сардана Трофимова Париж Олимпиадасына жолдомо алды. Мындай маалыматты Дүйнөлүк жеңил атлетика уюму жарыялады.   Белгилүү болгондой, аталган спортчулар олимпиадалык нормативди аткара алышкан эмес. Бирок атайын системасы боюнча квота алышты.   Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп… Кененирээк…

Айаал Лазарев Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды

Кыргызстандык балбан Айаал Лазарев Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына жолдомо алды. Ал 12-майга караган түнү Түркиянын Стамбул шаарында күрөш боюнча Олимпиадага дүйнөлүк тандоо мелдешинин жарым финалында венгриялык Даниел Лигетини 12:2 эсебинде жеңди.   Ушуну менен Кыргызстандын эсебинде Парижде өтө турган жайкы Олимп оюндарына 11… Кененирээк…

Үзүр Жусупбеков Париж Олимпиадасына жолдомо утуп алды

Кыргызстандык балбан Үзүр Жусупбеков Олимп оюндарына жолдомо утуп алды. Күрөш федерациясынан билдиришкендей, лицензия үчүн беттеште спортчу германиялык Лукас Александрос Лазогианис менен кез келип, атаандашын 8:4 эсебинде жеңди.   Дүйнөлүк квалификациялык турнир Түркиянын Стамбул шаарында өтүүдө. Ага Кыргызстандын атынан 8 спортчу катышып жатат. Мелдеште ар бир… Кененирээк…