Дистанттык окутуу формасы жаңы окуу жылында да колдонулат

Дистанттык окутуу формасы жаңы окуу жылында да колдонулат.

Билим берүү министри Каныбек Исаков билдиргендей,

жаңы окуу жылынан тарта окуучулар үчүн ар бир багыт боюнча

билим берүү порталдарындагы окуу материалдар менен таанышууга

мүмкүнчүлүктөр ачылат. PISA менен ЖРТга даярдоо боюнча мугалимдер жана

окуучулар үчүн онлайн-сабактар сунушталат. Ошондой эле көп тилдүүлүк,

IT-технология жана түрдүү предметтер боюнча тереңдетип үйрөтүүчү

онлайн-курстар иштелип чыгат. Ал эми сыналгы, телефонго муктаж

үй-бүлөлөрдүн маселеси мамлекет жана демөөрчүлөрдүн

жардамы менен чечилип жатат, — деди Исаков.