Саламаттыкты сактоо министрлиги спорттук иш-чараларды ачык аянтта өткөрүүнү жана фудкортторду ачууну сунуштады. Андан тышкары, кафе жана ресторандарга орундарды көбөйтүүгө уруксат берилиши мүмкүн.
Болгону, коомдук тамактануу жайлары социалдык аралыкты сакташы керек. Бирок чоң той-аштарды өткөрүүгө киргизилген тыюу калат. Ведомствонун сунушу коомдук талкууга чыгарылды.