Бишкекте «Тулпар» картасын 107 миңден ашык жүргүнчү сатып алды

Бишкекте «Тулпар» картасын 107 миңден ашык жүргүнчү сатып алды.

Мэриядан билдиришкендей, көк картага  80 миң адам ээ болду.

Пенсионерлерге 27 миң кызыл карта тапшырылды. Ал эми жеңилдик

каралган категориядагы картаны ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген

600 адам алды. Учурда окуучулардын жашыл картасы мектептерге

жеткирилип жатат, ал карантин бүткөндөн кийин берилет. Учурда

16 мектеп аталган системаны колдонот. Кошумчаласак, Бишкекте

1-марттан тарта «Тулпар» электрондук төлөм системасы иштеп баштады.

Жүргүнчүлөр автобус, троллейбустарда төлөмдөрдү

накталай эмес түрдө жүргүзүп жатышат.