Чүй облусунда коомдук транспорттун ишине өзгөрүүлөр жана башка бир катар чектөөлөр киргизилди

Чүй облусунда коомдук транспорттун ишине өзгөрүүлөр жана башка бир катар чектөөлөр киргизилди. Өкмөттүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, эми Чүй райондорунан Бишкекке жүргүнчү ташыган маршруттук каттамдар эртең менен жана кечинде каттайт.

 

Базарлар таңкы саат 6дан күндүзгү 3кө чейин иштесе, соода жайлары кечки саат 7де жабылат.

 

Ошондой эле, дезинфекция чаралары күчөтүлүп,  түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп,  санитардык нормалардын аткаралышын көзөмөлгө алынат.