Кыргызстанга чет жактан учуп келгендерди коронавируска текшерүү тартиби өзгөрдү

Кыргызстанга чет жактан учуп келгендерди коронавируска текшерүү тартиби өзгөрдү.

 

Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдиргендей, эреже өлкөдө жана жалпы дүйнөдө эпидемиологиялык кырдаал өзгөргөнүнө, өзгөчө абал режими алынганына байланыштуу алмашты.

 

Ага ылайык, чет жактан кайтып келгендер эгер оорунун белгилери жок болсо аэропорттон үйүнө коё берилет, ал эми вирустун белгилери байкалгандар дарыланууга жөнөтүлөт же ооруканага жаткырылат. Кошумчаласам, марттан бери учак жана унаа менен  38 өлкөдөн 20 миңден ашык кыргызстандык  кайтып келди.