Чүй облусунун Аламүдүн районунда салттуу режимде окуу башталат.
Бул тууралуу райондук билим берүү башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 7-декабрдан, тагыраагы дүйшөмбүдөн тартып
аталган райондун 34 мектебинде окуучулар парталарга кайтып келет.
Билим берүүнү кадимки режимге кайтарууга райондук
санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору уруксат берди