Кыргызстанда жыл аягына чейин 1 миң 200 мектепти компьютер менен камсыздоо пландалууда

Кыргызстанда жыл аягына чейин 1 миң 200 мектепти компьютер менен камсыздоо пландалууда.

Долбоор Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланат. Премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей,

учурда Азия өнүктүрүү банкы тарабынан 10 мектептин химия, биология, физика кабинеттерин заманбап

лабораториялык электрондук жабдуулар менен камсыздоо иштери жүрүп жатат. Боронов белгилегендей,

өлкө мектептеринин 99 пайызы интернетке туташкан. Учурда дагы 9 мектепте иштер жүрүп жатат.

Ал эми Кыргызстанда жалпысынан 2 миң 292 билим берүү мекемеси бар.