Студенттерди заманбап ыкма менен окутуу усулдары үйрөтүлөт

“Онлайн университет” платформасы 8-июнда мектеп окуучуларын жана жогорку окуу жайлардын студенттерин окутууда долбоорго таянып иштөө ыкмасын үйрөткөн вебинар уюштурат.

 

“Долбоордун негизинде окутуу усулу: колдонуу боюнча практикалык сунуштар” деген темада өтө турган иш-чаранын максаты – мындай ыкманын артыкчылыгын жана өзгөчөлүгүн түшүндүрүп берүү, кадимки сабактан айырмасын жана аны болочок инженерлерди даярдоо боюнча окуу пландарына интеграциялоо маселесин талкуулоо.

 

Бул багытта топтолгон тажрыйбасы тууралуу вебинардын катышуучуларына Германиянын Дрезден техникалык университетинде эмгектенген кыргызстандык окумуштуу, профессордун милдетин аткаруучу, доктор (PhD) Жамила Сманалиева айтып берет.

 

Сманалиева белгилегендей, “Долбоордун негизинде окутуу — студентти шыктандыруучу, реалдуу көйгөйлөрдү чечүүгө, долбоордук тапшырманы аткарууга багытталган окутуу усулу. Ал студенттерди өз алдынча да, команда курамында да иштөөгө, чечим кабыл алууга, презентация жасоого жана отчет жазууга үйрөтөт”.

Буга чейин Жамила Сманалиева Кыргызстанда өндүрүлгөн балдын сапатын жана бал өндүрүшүнүн көлөмүн изилдеп, “Балды кайра иштетүү технологиясы” деген китебин жазган. Анын илимий макалалары эл аралык Science Citation Index (SCI) категориясына катталган абройлуу журналдарга жана РИНЦ маалымат базасына кирген журналдарга жарыялаган. Мындан тышкары ал тамак-аш инженериясы боюнча бир китептин бөлүмүнүн жана студенттерге арналган үч окуу-методикалык көрсөтмөнүн автору.

 

«Онлайн университет» платформасынын курамы чет өлкөлөрдө билим берүү жана илимий изилдөө борборлорунда иштеген кыргызстандык мекендештерден жана жергиликтүү тажрыйбалуу педагогдордон турат.