Кыргызстанда жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу пландалууда

Кыргызстанда жаңы окуу жылынын биринчи чейрегин аралыктан окутуу пландалууда. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Андан белгилешкендей, эпидемиологиялык абалы жакшы аймактардагы окуу процесси өзүнчө каралат.

 

Бирок министрлик мугалимдерди, окуучуларды жана ата-энелерди азыртан дистанттык билим берүү процессине даярдана берүүнү сунуштайт.

 

Кырдаал жакшы жагына өзгөрөрү менен окуучулар кадимки режимде окууга өтөт, — дешти ведомстводон. Эске салсак, коронавирус эпидемиясынан улам марттан тарта Кыргызстандагы бардык мектеп окуучулары, студенттер аралыктан билим алышкан.