Мектептерге электрондук кабыл алуунун мөөнөтү узартылды

Мектептерге электрондук кабыл алуунун мөөнөтү узартылды. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ата-энелер балдарын 1-класска 1-сентябрга чейин каттай алат.

 

Эске салсак, быйыл Бишкектен тышкары, электрондук кезек системасы Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Кара-Балта жана Токмок шаарларында ишке кирди. Электрондук арыздарды кабыл алуу буга чейин 15-августта токтотулмак.